Бала бакчанын түптөлүшү

Аздек мектепке чейинки билим берүү уюмунун түптөлүшү Кош-Булак айылындагы Ыдырыс орто мектебине даярдоо классын ачуу боюнча АБР каржылаган » Жамаатык деңгээлде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» пректисине долбоорду 2006-жылы 2 жыл айылыбыздагы балдарды 0-класска даярдык деп окутуп башталган. 2013-жылы январь айынан баштап мамлекеттик бюджетке каралып 5 адамдан турган кызматкер иштеп 26 орунду 1 группадан турган балдарды кабыл алып иштеп баштадык.
2014-жылы штат бирдиги 7,45 менен 9 адам бүгүнкү күнгө чейин иштеп келебиз. Бала бакчанын окуу-тарбия комплекси статусунда, Уставдын негизинде жана мектептин ѳнүгүшүнүн концепциясына ылайык иш алып барат.  МГ ОТКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн берип келебиз.